Аймак

5 КАБАТТУУ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ АЧЫЛДЫ

5 КАБАТТУУ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙ АЧЫЛДЫ

 2,035 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарында жеке ишкер тарабынан 5 кабаттуу “Байэл” эс алуучу жайы ачылып, ишке берилди.

1000 орунга ылайыкталган бул эс алуучу жай 24 саат иштеп, эс алуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Эс алуучу жай тууралуу жетекчиси Бактыяр Шерматов төмөнкүдөй билдирди.

Москвадан, Өзбекстандан, Турциядан ашпозчулар чакырылган. Биз заматта 1000 адамды тейлей алабыз. Кирүү акысы 500 сомдон ичинде баары бар жана чайы бекер болду. Эс алуучу жайда джакузи, муз бассейндер, кино клуб, машыгуучу зал жана башка баардыгы 500 сомдун ичине кирет” – дейт Б. Шерматов.

Бул эс алуучу жайдын өзгөчөлөлүгү ички жана сырткы жасалгасы болуп, имараттын проектиси Кытай өлкөсүнөн алынган.

Эс алуучу жайга кирүү акысы 500 сом, анын ичине фитнес зал, 5 түрдүү ысык буу, пайдалуу туз бөлмөсү жана башка кызматтар кирет.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17