Аймак

ПЕТЕРБУРГДА ТАЖИК ЖАРАНЫ МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ 400 ЖАСАЛМА АВИАБИЛЕТ САТКАН

ПЕТЕРБУРГДА ТАЖИК ЖАРАНЫ МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ 400 ЖАСАЛМА АВИАБИЛЕТ САТКАН

 636 Бардыгы /

Санкт-Петербургда тажикстандык 400 эмгек мигранты мекендешине 10 миллион рублге алданып калышканын билдиришүүдө.

Алардын айтымында, 29 жаштагы Махмуд Абдурахмонов Петербургдагы агенттери аркылуу 400гө жакын жасалма авиабилет сатып, качып кеткен. Ал 5-декабрдан бери дайынсыз болууда.

Учурда мигранттар акчаларын агенттерден доолап жатышат. Алардын айтымында, Абдурахмонов расмий авиакассаларда 20-21 миң рублден сатылып жаткан билеттерди 15-16 миңге сунуштаган. Мындан улам акчасын үнөмдөп, андан билет алган мигранттар көп болгон.

Азырынча укук коргоо жана сот органдары Абдурахмоновдун жасалма авиабилеттерди сатууга тиешеси бар экенин ырасташа элек.

Абдурахмоновдун алдамчылык аракеттеринен улам 700 миң рубль чыгымга учураганын айткан агенттердин бири аны менен быйыл августта таанышканын билдирди. — Алгач мен андан арзан билет сатып алып, Тажикстанга барып келгем. Андан кийин туугандарыма да билет алып бергем. Акырындык менен ал менин ишенимиме кирип, агент катары билеттерин сатып берүүнү сунуштаган, — деди ал.

Абдуллоевден тышкары дагы жети агент алдамчылыктын курмандыгы болгонун билдиришүүдө. Алардын бири 2 миллион рублге жакын чыгымга учураганын айтты.

Ал ортодо алданган жарандар Санкт-Петербург полициясына жана Тажикстандын бул шаардагы башкы консулдугуна кайрылышкан.

Санкт-Петербургдагы тажик консулдугунун кызматкери Фаррух Косимов учурда бул маселе көзөмөлдө экенин жана мекеме жергиликтүү укук коргоо органдары менен иштешип жатканын билдирди.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17