Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР МЕДЕЛДАР ЫЙГАРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде БИР КАТАР МЕДЕЛДАР ЫЙГАРЫЛДЫ

 1,624 Бардыгы /

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кызматта өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлерге Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен «Азамат» медалдары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү, акниеттүүлүк менен үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү, коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө өздөрүнүн чоң салымдарын кошкондуктары үчүн төмөндөгү кызматкерлер сыйланышты:

            ИИМдин I даражадагы “Азамат” медалы менен:

  • Милициянын подполковниги Абдулла Эрдолатов;
  • Милициянын майору Эрнист Чомоев.

            ИИМдин II даражадагы “Азамат” медалы менен:

  • Милициянын майору Чыңгыз Исаков.

ИИМдин III даражадагы “Азамат” медалы менен:

  • Милициянын майору Адиль Орозалиев;
  • Милициянын капитаны Ильгиз Гапуров;
  • Милициянын капитаны Эдил Эрматов.

Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБнин ШРИИБдеринде көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн жалпы 45 кызматкерге медалдар тагылды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17