Аймак

КАЗАКСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ АКТИВИСТТЕР КАРМАЛУУДА

КАЗАКСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНДӨ АКТИВИСТТЕР КАРМАЛУУДА

 910 Бардыгы /

Бүгүн эртең менен Казакстандын шаарларында кеминде онго жакын активист кармалды. Буга чейин бул күнү өлкөдө митингдер өтөрү айтылып келген.

«Азаттыктын» казак кызматынын Чымкенттеги кабарчысы Дилара Исанын билдиришинче, Жаксылык Каиров менен Давлатбек Насыров 1986-жылдагы окуялардын катышуучусу Кайрат Рыскулбековго арналган эскерүү тактасына гүл коюу үчүн баратканда кармалып, Аль-Фараби райондук полиция башкармалыгына жеткирилди.

Мындан тышкары Карагандыда шаар тургуну Мурат Жимбаев, Алматыда Айнур Медина кармалды. Ага чейин алматылык активист Курал Медеуов «Фейсбук» баракчасына анын үйүнө полиция кызматкерлери келгенин жана кармап кетишкенин жазган.

Жарандык активист Сахиб Жанабаеванын айтымында, Алматыда жергиликтүү тургундар Багила Нургалиева, Мадина Хабибулла жана Рашид Хабибулла дагы кармалышты.

Орол шаарында аймактык «Орол жумалыгы» басылмасынын башкы редактору, журналист Лукпан Ахмедьяров кармалды. Ал белгисиз иш боюнча күбө катары сурак берери айтылууда.

Жекшемби күнү өлкөнүн Башкы прокуратурасы бийлик менен макулдашылбаган акцияларга катышуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскерткен. Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жарандар нааразылык акцияларды өткөрүү үчүн жергиликтүү акимчиликтерден уруксат алышы керек.

Буга чейин бозгундагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан негизделген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы 16-декабрда өлкө шаарларында митингдерди өткөрүү ниетин билдирген. Бул кыймыл Казакстанда «экстремисттик» деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Мындан тышкары бул күнү Алматыда митинг өткөрүү ниетин «Oyan, Qazaqstan» жарандык кыймылы билдирген. Анын мүчөлөрү ыктымал акциялардын алдында бийликтин кысымына кабылып жатышканын айтышкан.

Бүгүн, 16-декабрда Казакстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө. Бул дата 33 жыл мурда Алматыдагы массалык демонстрациялар өткөн күнгө туура келет. Анда казак жаштары Советтик Казакстандын башчысы кызматына Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан. Мындан тышкары дал ушул күнү, 2011-жылы Жаңы-Өзөн шаарында кандуу окуя болгон. Анда мунайчылардын нааразылыгы күч менен басылып, расмий маалыматтар боюнча 17 адам өлгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17