Аймак

КЫТАЙ ӨЗИЛДИН БИЛДИРҮҮСҮНӨН КИЙИН «АРСЕНАЛДЫН» БЕТТЕШИН ЭФИРДЕН АЛЫП САЛДЫ

КЫТАЙ ӨЗИЛДИН БИЛДИРҮҮСҮНӨН КИЙИН «АРСЕНАЛДЫН» БЕТТЕШИН ЭФИРДЕН АЛЫП САЛДЫ

 668 Бардыгы /

Кытайдын мамлекеттик телекомпаниясы (CCTV) 15-декбарда «Арсенал» жана «Манчестер Сити» футбол командаларынын оюнун көрсөтпөй койду. Бул чечим «Арсеналдын» оюнчусу Месут Өзил Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын айыптагандан кийин кабыл алынды.

Англиялык футбол премьер-лигасы беттештерди көрсөтүп туруу үчүн 700 миллион долларга кытай каналы менен үч жылга келишим түзгөн. Кытай премьер-лига үчүн эң кирешелүү чет өлкөлүк рынок болуп эсептелет.

Түрк тектүү немис жараны Өзил «Твиттердеги» билдирүүсүн 13-декабрда жарыялаган. Ал Кытайдын Шинжаңдагы уйгур, казак, кырыз жана башка түрк тилдүү аз улуттуу калкка карата катаал мамилесин сындаган.

Кытайдагы англис тилдүү «Global Times» Өзилдин айткандарын чындыкка дал келбейт деп, футболчу кытайлык күйөрмандарын ирээнжиткенин жазды. Басылма бул «Арсенал» үчүн олуттуу кесепеттер менен коштолорун белгиледи.

Бээжин мусулман азчылыктын укуктарын одоно бузуп жатканы дүйнө коомчулугу да сындап келатат. Кытай аны куру доомат деп мүнөздөөдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17