Аймак

БАШКЫРСТАНДА 276 ТОННА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТЫН ЖОГОЛУШУ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

БАШКЫРСТАНДА 276 ТОННА ЖАРДЫРУУЧУ ЗАТТЫН ЖОГОЛУШУ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

 695 Бардыгы /

Орусия ИИМинин Башкырстан боюнча Тергөө башкармалыгы коргонуу багытындагы “Авангард” заводундагы ири өлчөмдөгү уурулук боюнча кылмыш ишин козгоду.

“Ведомости” басылмасы маалымдагандай, заводдо утилизацияга багытталган 276 тонна жардыруучу калдык жоголгон.

Өнөр жай жана соода министрлиги калдыктар “Авангард” заводунда кайра иштетилип сатылган болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Уурулук 2017-жылдын ноябрь айынан тарта 2019-жылдын март айына чейинки мөөнөттө болгон. Бул учурда ишкананы Азгат Ибрагимов жетектеген, кийинчерээк ал заводду чыгашага учуратканы үчүн кызматтан алынган.

Ибрагимовдун өкүлү жардыруучу заттарды кайра иштетүү боюнча келишимдер бир нече жолу текшерилгенин, кылмыш ишин куугунтук катары кабыл алып жатышканын билдирди.

“Авангард” заводу мунайгаз тармагы жана Коргоо министрлиги үчүн жардыруучу заттардын түрлөрүн өндүрөт. Мындан тышкары реактивдүү системалардын ок-дарыларын утилизациялайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17