Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОРДУН ИШИ АСКЕР СОТУНА ӨТТҮ

ӨЗБЕКСТАНДА МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОРДУН ИШИ АСКЕР СОТУНА ӨТТҮ

 812 Бардыгы /

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродовго карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Аскер сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына президенттин администрациясындагы жана прокуратурадагы өз булактар билдирди.

44 жаштагы Муродовго «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу жана берүү» айыптары боюнча кылмыш иши козголгон.

Мурдагы башкы прокурордун соту ушул аптада башталып, жабык өтүшү мүмкүн экени айтылууда.

Отабек Мурадовдун адвокаты менен байланышы бар өз булактын билдиришинче, буга чейин мурдагы башкы прокурордун үйүндө мыйзамсыз түрдө тинтүү жүргөн.

Үй камагындагы Муродов 18-сентябрда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Ихтиер Абдуллаевдин иши боюнча суракка чакырылып, тергөө абагына киргизилген. Ошондон бери ал тергөө абагында.

2018-жылдын январынан бери башкы прокурор болуп иштеп келген Муродов кызматтан 20-июнда алынган. Ал бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылган.

Отабек Муродов Өзбекстан тарыхындагы эң жаш башкы прокурор болгон. Жергиликтүү басылмалар ал көзөмөл органдын ишин ачык-айкын жүргүзүүгө аракет жасаганын белгилеп келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17