Аймак

АДАХАН МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИН «ФАКТ СУРАГАНЫН» СЫНДАДЫ

АДАХАН МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИН «ФАКТ СУРАГАНЫН» СЫНДАДЫ

 851 Бардыгы /

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын башчысы Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына карата соттук доолорго байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип, ушул маселеде президент Сооронбай Жээнбековдун «факттарды көрсөткүлө» деген сөзүн сындады.

– Ар бир сөздү сүйлөгөндө «мага факт керек» деп отура берсе, анда акимдердин эмне кереги бар? Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар? Министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Ар бир киши ар бир нерсени өзү далилдеши керек экен да, — деди саясатчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-декабрда Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова аттуу айым «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген. Мамлекет башчынын ага «факт алып келип көрсөт» деген өңүттөгү жообу социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Анын алдында бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» жемкорлуктун бетин ачкан журналисттик иликтөө «кадыр-баркыбызга шек келтирди» деп «Азаттык» радиосун, «Kloop», «24.kg» сайттарын, журналист Али Токтакуновду сотко берип, 60 миллион сомдук доо койгон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17