Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МЫЙЗАМСЫЗ МИТИНГГЕ ЧАКЫРГАНДАРГА ЖАЗА КҮЧӨТҮЛҮШҮ МҮМКҮН

ӨЗБЕКСТАНДА МЫЙЗАМСЫЗ МИТИНГГЕ ЧАКЫРГАНДАРГА ЖАЗА КҮЧӨТҮЛҮШҮ МҮМКҮН

 673 Бардыгы /

Өзбекстанда жыйындарды, митингдерди, жүрүштөрдү өткөрүү тартиптерин бузуу, коомдук башаламандыктарды уюштуруу жана интернет аркылуу жапырт демонстрацияларга чакырык жасоо үчүн каралган жазалар катаалдашы мүмкүн.

Мындай норма өлкөнүн «Кылмыш жана Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда каралган.

Документте социалдык түйүндөр аркылуу демонстрацияларга чакырык жасоо — мыйзамсыз митинг өткөрүүгө тете кылмыш болору белгиленген. Мындан тышкары анда ЖМКлар менен Интернетте «жалган маалыматтарды таратуу» үчүн эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталган.

Азырынча мыйзам долбоору кайсыл баскычта экени белгисиз. Ал күчүнө кириши үчүн алгач Мыйзам чыгаруу палатасы, андан соң Сенат жактырып, президент кол коюшу керек.

Долбоордун авторлору менен жакындан тааныш булактын маалыматына караганда, бул документ жашыруун түрдө даярдалган. Ал өкмөттүн сайтындагы талкууга коюлган мыйзам долбоорлорунун арасында жок.

Жергиликтүү юристтердин айтымында, бул мыйзам коомчулукту өкмөттүн саясатына нааразылык билдирүү укугунан ажыратып, блогерлер менен журналисттерди коркутуу максатын көздөйт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17