Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
686 Бардыгы / Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы “Альфа” түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин билдирди. 18-декабрда таратылган расмий кабарга ылайык, Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда 18-ноябрда маалымдама тапшырылган. 2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында […]
687 Бардыгы / Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы “Альфа” түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин билдирди. 18-декабрда таратылган расмий кабарга ылайык, Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда 18-ноябрда маалымдама тапшырылган. 2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында […]
ИИМ: АТАМБАЕВГЕ НИЯЗБЕКОВДУН ӨЛҮМҮНӨ ШЕК САНАЛЫП ЖАТКАНЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМДАМА БЕРИЛГЕН
19.12.2019 / Автор aymak688 Бардыгы /
Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы “Альфа” түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин билдирди.
18-декабрда таратылган расмий кабарга ылайык, Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда 18-ноябрда маалымдама тапшырылган.
2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкерлери, 94ү жөнөкөй жарандар.
Кой-Таштагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.