Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,202 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-декабрда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн курулган 70 батирлүү үй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда пайдаланууга берилди. Анда өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жүрүп жатканын белгиледи. «Өлкөбүздө чоң бир өзгөрүүлөр болуп жатат. Анын катарында ЖАМКнын системасында да чоң өзгөрүүлөр орун […]
1,203 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-декабрда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн курулган 70 батирлүү үй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда пайдаланууга берилди. Анда өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жүрүп жатканын белгиледи. «Өлкөбүздө чоң бир өзгөрүүлөр болуп жатат. Анын катарында ЖАМКнын системасында да чоң өзгөрүүлөр орун […]
ЖАМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН КУРУЛГАН ҮЙ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
19.12.2019 / Автор aymak1,204 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 19-декабрда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үчүн курулган 70 батирлүү үй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда пайдаланууга берилди.
Анда өкмөт башчы соттук реформанын алкагында орган кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу үчүн бир топ аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.
«Өлкөбүздө чоң бир өзгөрүүлөр болуп жатат. Анын катарында ЖАМКнын системасында да чоң өзгөрүүлөр орун алууда. Бишкекте 5 үй курулуп, анын экөөсү (81 батир) пайдаланууга берилди. Сокулукта да кызматкерлер үчүн 24 батир курулуп жатат. Өкмөт кызматкерлердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген аракетин жумшап жатат. Бул мамлекеттин саясаты. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине айта кетерим, мамлекет сиздердин эмгегиңиздерди баалайт. Ошондой эле шаарлардын борборунда жайгашып калган жаза аткаруу жайларын да сыртка чыгаруу боюнча пландар бар. Бул Жалал-Абад шаарына да тиешелүү», – дейт М.Абылгазиев.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областы боюнча ЖАМКнын кызматкерлеринин 90%ы турак-жай менен камсыз болушту. Ал эми үй алуу боюнча кезекте эми гана иш баштаган жаш 9 кызматкер бар.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө тагыраагы Жалал-Абад аэропортуна жакын жерде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматкерлери үчүн курулган 5 кабаттуу үй 70 батирден турат. Ага мамлекеттин бюджетинен жалпы 108 миллион 884 миң сом жумшалган. Курулуш 2017-жылдын май айында башталып, 25-ноябрда толугу менен бүткөрүлгөн. Бирок үй Жарандык авиация департаменти тарабынан Аба кодексинин талаптарына жооп бербей турганы айтылып, уруксат берилбей келген болчу. Ал эми буга чейин 60тан ашык кызматкер 7-10 миң сомго чейин төлөп, батирлерде жашашчу.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.