Аймак

БАБАНОВ САЯСИЙ ИШМЕРДИГИН ЖЫЙЫНТЫКТАГАНЫН БИЛДИРДИ

БАБАНОВ САЯСИЙ ИШМЕРДИГИН ЖЫЙЫНТЫКТАГАНЫН БИЛДИРДИ

 814 Бардыгы /

Бүгүн Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди өтүп, партиянын жаңы төрагасы болуп парламент депутаты Мирлан Жээнчоров шайланды.

Съездин ачылышында сүйлөгөн Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын, партиянын жаңы лидери катары Мирлан Жээнчороевди көрөрүн билдирген. Аны сөзүнө бекем турган адам катары билерин, өлкөнүн да, партиянын да келечегине салым кошорун, партиянын реформа жолун улантарын кошумчалаган.

Партиянын жаңы лидери болуп шайланган Мирлан Жээнчороев партиянын ишмердүүлүгүн Өмүрбек Бабановсуз эч ким элестете албай турганын билдирди. — Бабанов койгон деңгээлди алып кетүү оор болот. Бул жөн эле кызмат эмес, чоң жоопкерчилик, — деди ал.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Буга чейин ал өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Жээнчороев парламенттеги «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17