Аймак

ГРУЗИЯДА ӨСПҮРҮМДҮН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ИИМ БАШЧЫСЫНЫН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

ГРУЗИЯДА ӨСПҮРҮМДҮН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ИИМ БАШЧЫСЫНЫН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

 721 Бардыгы /

Грузияда оппозиция өкүлдөрү ички иштер министри Вахтанг Гомелауринин отставкасын талап кылышууда. 12-декабрда Тбилисиде полиция бөлүмүндөгү бир нече саатка созулган сурактан кийин 15 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйган.

Жарандык активисттер мекемеде системалуу маселелер бар экенин билдирип жатышат. Өз кезегинде бийлик бул иш боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүүгө убада берүүдө.

Учурда «Көрсөтмө берүүгө мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталган бир тергөөчү кармалганы кабарланууда.

ИИМ имаратынын алдындагы бош мектеп партасы – жарандык активистер тарабынан уюштурулган үнсүз перформанс. Алар 10-класстын окуучусу Лука Сирадзенин өлүмү үчүн укук коргоо органдарына жоопкерчилик жүктөшүүдө. Тергөөчүгө сурак берип чыккандан кийин 15теги өспүрүм тогузунчу кабаттан боюн таштаган. Дарыгерлер бир жума бою анын өмүрү үчүн күрөшүп, бирок 17-декабрда ал көз жумду.

Лука Сирадзе бөтөн бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү иши боюнча күбө катары сурак берген. Декабрдын башына жеке мектептердин биринде дубалдарга ар түрдүү жазууларды жазып кетишкен. Лука бул мектепте окуган жана окуя болгон учурда видеокөзөмөл камерасына түшүп калганы айтылган.

Маркумдун жакындарынын адвокаты Реваз Ачарадзенин айтымында, бул иштин алкагында бери дегенде үч полиция кызматкеринин күнөөлүү экени аныкталууда. Мындан тышкары күбө катары сурак берип чыккан дагы бир өспүрүм өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган.

Өспүрүмдүн өлүмү Грузияда өкмөткө каршы жаңы толкундоолорго жол ачты. Жеке мектептин дубалындагы жазуулар эми полиция бөлүмдөрүндө, үйлөрдө, жолдордо пайда болду. Жарандык активисттер, өкмөттүк эмес уюмдар бул иш аягына чейин калыс тергелбесе, жапырт түрдө митингге чыгышаарын билдиришүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17