Аймак

ПЕТЕРБУРГДАГЫ САММИТКЕ КАЗАКСТАНДЫН АТЫНАН НАЗАРБАЕВ КАТЫШАТ

ПЕТЕРБУРГДАГЫ САММИТКЕ КАЗАКСТАНДЫН АТЫНАН НАЗАРБАЕВ КАТЫШАТ

 1,373 Бардыгы /

Санкт-Петербургда өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине Казакстандын атынан мурдагы президент Нурсултан Назарбаев катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз катчысы Берик Курмангали билдирди.

Назарбаев быйыл ноябрдын аягында Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине да Казакстандын атынан барган. Быйыл май айында Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Назарбаевге кеңештин ардактуу жетекчиси макамы берилген.

Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, 20-декабрда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынан тышкары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусу да өтөт.

Курмангалинин айтымында, өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев бул күнү «коомдук ишеним кеңешинин» жыйынына катышат.

Бул кеңешти түзүү демилгесин Токаев быйыл 12-июнда ант берүү аземинде айткан. Айрым активисттер кеңештин түзүлүшүн бийликтин өлкөдөгү нааразылык маанайды төмөндөтүү аракети катары баалап келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17