Аймак

THE ECONOMIST ӨЗБЕКСТАНДЫ ЖЫЛДЫН ӨЛКӨСҮ ДЕП АТАДЫ

THE ECONOMIST ӨЗБЕКСТАНДЫ ЖЫЛДЫН ӨЛКӨСҮ ДЕП АТАДЫ

 862 Бардыгы /

Британиялык The Economist журналы Өзбекстанды «2019-жылдын өлкөсү» деп атады. Басылманын маалыматына караганда, акыркы мезгилде бул мамлекетте олуттуу реформалар жүргөн.

Басылма Өзбекстан үч жыл мурун эле постсоветтик диктатура орногон, качкындары көп, жабык өлкө болгонун, Каримовдун бийлигинин тушунда эркектер, аялдар, балдар талааларда иштегенин белгилеген.

Каримовдун өлүмүнөн кийин бийликке Мирзиёев келген. Анын өкмөтү белгилүү бир деңгээлде мажбурлап иштетүүнү токтотуп, чет өлкөлүк журналисттерге эшик ачып, чек ара бекеттерин жандандырып, эң эле катаал делген “Жаслык” түрмөсүн жабуу чечимин кабыл алган.

“Чет өлкөлүк журналисттерди куугунтуктоо токтотулду. Бюрократтарга чакан бизнестен пара алууга тыюу салынды”, – деп жазды журнал.

The Economist басылмасынын пикиринде, Өзбекстан дагы узак жолду басып өтүшү керек, бирок 2019-жылы бир дагы өлкө мынчалык алдыга жылган жок.

Бул арада Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды реформалоо боюнча бир нече кадам жасаганы менен алдыдагы шайлоолорго бул рефoрманын эпкини тийбегенине өкүнгөнүн билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17