Аймак

ЭКС-МЭРЛЕРДИН СОТУ: ИБРАИМОВ 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ, КУЛМАТОВГО АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

ЭКС-МЭРЛЕРДИН СОТУ: ИБРАИМОВ 15 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ, КУЛМАТОВГО АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

 704 Бардыгы /

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-декабрда мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыкты.

Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, абактан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов ушул күнү акыркы сөзүн сүйлөп, кылмыш иштерди куру доомат деп мүнөздөшкөн.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17