Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУРИСТТИК КАРТАЛАР ОРНОТУЛУУДА

ЖАЛАЛ-АБАДДА ТУРИСТТИК КАРТАЛАР ОРНОТУЛУУДА

 1,030 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарына келген конокторго ыңгайлуулуктарды жаратуу максатында,  атайын туристтик тактайчалар орнотулду.  Алар шаардын борбордук Ленин көчөсүндөгү Тейлөө үйүнүн алдына,  Эркиндик аянтына жана калаага кириш дарбазасынын боюна коюлду. Такчайчалардан Жалал-Абад облусунун  жана шаардын ээлеген аймагы,  социалдык, кызмат көрсөтүү жана  эс алуу жайларынын даректерин көрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтымында, кандай гана жер болбосун анын туристтик дараметин өркүндөтүү үчүн негизги шарттардын бири көрсөткүч такталардын болушу эсептелет.

– Мындай көрсөткүчтөрдүн Жалал-Абад облусунда да орнотулуп жатышы бизди кубандырат. Көрсөткүч такталар облустун көп сандаган кызыктуу жерлерине баруу үчүн туристтерге жакшы кызмат кылуу менен бирге, элет аймактарынын туруктуу өнүгүшүнө түрткү берет – дейт, Максат Дамир уулу.

Бул демилге област аймагында ишке ашыруу максатында жалпы 41 даана туристтик тактайчалар эки тилде  даярдалып, басымдуу Ош-Бишкек унаа жолдорунун  боюна орнотулууда. Жумуш иштери 16-декабрда башталган. Анда облустун негизги туристтик объектилерине Шах-Фазиль, Саймалуу-Таш сыяктуу тарыхый комплекттерге, Кан-Ачуу, Падыша-Ата, Арсланбап жана Сары-Челек коруктарына буруучу аралык көрсөткүчтөр жазылган. Бул аракеттер “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” программасы жана Туризм департаментинин биргелешкен демилгеси менен ишке ашырылууда. Ал Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу GIZ) тарабынан каржыланган. “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17