Аймак

МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИ МЕКЕМЕСИНИН ШАРТТАРЫ ЖАКШЫРДЫ

МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИ МЕКЕМЕСИНИН ШАРТТАРЫ ЖАКШЫРДЫ

 1,515 Бардыгы /

Быйыл Чаткал райондук мамлекеттик архиви мекемесинин иштөө шарттары мурдагыдан бир топ жакшырды. Атап айтканда, мекеменин имараты буга чейин от жагуучу темир меш менен жылытылып, архив кызматкерлери кышкысын бир гана бөлмөдө олтурушуп иш жүргүзүүгө аргасыз болуп келген.  Былтыр  мекемеге жылытуу тутуму орнотулуп, бардык бөлмөлөр талаптагыдай жылууланган.

Ал эми, буга чейин мекемедеги архивдик документтердин көпчүлүгү полдо жатчу. Быйыл райондук жана облустук  жетекчиликтердин каржылык жардамы менен темир стеллаждар жасалып орнотулду. Буга кошо эле, быйыл мекеменин өрт коопсуздугу үчүн өрткө каршы шаймандар коюлду. Мекеменин сыртына өзүнчө чакан отункана курулуп, ал жерге кыш мезгилинде жагылчу көмүр жана жыгач отундар киргизилди.

Мындан сырткары, мекеменин жалпы коопсуздугу үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулуп, бул иштер облустук жетекчилик тарабынан каржыланды.

-Райондук архивдин абалын жакшыртуу боюнча кайрылуубузду туура кабыл алып жакындан жардам берген райондук жана облустук жетекчиликтерге ыраазыбыз. Учурда жогорудагы иштерден сырткары, мекеменин айрым ички жасалгаларын жаңылоодобуз.-дейт райондук архив мекемесинин башчысы Муратбек Досматов.

Мухамедалы ЭШНАЗАРОВ, Чаткал району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17