Аймак

ОРУСИЯЛЫК АВИАЦИЯ ИДЛИБ ПРОВИНЦИЯСЫНА АБАДАН СОККУ УРДУ

ОРУСИЯЛЫК АВИАЦИЯ ИДЛИБ ПРОВИНЦИЯСЫНА АБАДАН СОККУ УРДУ

 743 Бардыгы /

Орусиялык авиация Сириянын түндүк-чыгышындагы Идлиб провинциясына абадан сокку урду. AFP маалымдагандай, сегиз киши өлдү, алардын арасында беш бала болгон.

БУУнун маалыматына караганда, Орусиянын аскердик аракеттеринен улам 16-декабрдан тарта, Идлиб провинциясынан он миңдеген кишилер көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Адам укуктарына байкоо жүргүзүү боюнча сириялык борбор бул убакыт аралыгында аба соккуларынан жана артиллериялык чабуулдардан 80дей карапайым киши өлгөнүн билдирди.

Өткөн аптанын экинчи жарымында жихадчылар менен болгон салгылаштан кийин Асаддын аскерлери Идлибдеги ондогон шаарларды жана айылдарды өз көзөмөлүнө каратты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17