Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫ ӨРТТӨӨГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫНЫ ӨРТТӨӨГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 821 Бардыгы /

Хатлон облусунун Куляб шаарынын 27 жаштагы жашоочусу жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылып, милиция кызматкерине кол салды.

Окуя 24-декабрда болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, милиция кызматкери борбордук аянтта Фарход Азизхон аттуу жаран жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылып жатканын көрүп, укук коргоо органдарына кайрылган. Фарход Азизхон милиционерге бычак менен тап берген, эч ким жабыркаган эмес.

Маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок. Фарход Азизхондун туугандары окуя тууралуу өз версиясын айтыша элек.

Куляб шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Фарход Азизхондун кармалганын тастыктады, бирок себебин айткан жок. Кылмышка шектүү мурун маңзат сатуу айыбы менен соттолуп, бир жыл мурун түрмөдөн чыккан.

Тажикстанда Жаңы жыл майрамы 80 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет. СССРде Жаңы жыл 1947-жылы мамлекеттик майрам катары кабыл алынып, 1-январь расмий түрдө дем алыш катары жарыяланган.

Учурда Тажикстанда Жаңы жылды белгилебегендер да бар: Ноорузду жаңы жыл деп эсептегендер менен катар, диний көз караштардан улам эки майрамды тең четке каккандардын катары акырындык менен көбөйүүдө. Ага карабай, соңку сурамжылоолорго ылайык, Тажикстанда калктын 80% Жаңы жылды майрамдайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17