Аймак

ТАЖИКСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК ГЕЗИТ НААРАЗЫЛЫК ИРЕТИНДЕ «АКТАЙ БЕТ» МЕНЕН ЖАРЫК КӨРДҮ

ТАЖИКСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК ГЕЗИТ НААРАЗЫЛЫК ИРЕТИНДЕ «АКТАЙ БЕТ» МЕНЕН ЖАРЫК КӨРДҮ

 732 Бардыгы /

Хатлон облусунда жергиликтүү аткаминерлер журналисттер менен кызматташуудан баш тартышканы үчүн «Тахти Кубод» (Кубод такты) гезитинин биринчи саны актай чыкты. Редакция муну менен бийликке нааразылыгын билдирди.

«Тахти Кубоддун» башкы редактору Алолат Сайфуллоеванын гезиттин экинчи бетинде жарыялаган макаласында «биринчи бет – ар бир чиновник өз жүзүн көрө турган күзгү» экенин жазган.

«Тахти Кубод» гезити – Кубодиен райондук акимчилигинин расмий басылмасы, сегиз беттен турат, жумасына бир жолу чыгат жана аймактагы жападан жалгыз жалпыга маалымдоо каражаты.

Гезитте жарым ставка менен эки мугалим иштейт.

«Билбейм, «актай барак» район башчысына жана башка чиновниктерге жакпайт болуш керек. Бирок мен журналистмин, бийлик бир-эки журналист аймактагы бардык көйгөйдү чагылдыра албасын түшүнүшү керек. Бул мен үчүн маанилүү. Көйгөй болсо толтура», – деди Адолат Сайфуллоева.

Эл аралык уюмдар Тажикстанда көптөгөн көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары басым жана цензурадан улам ишин токтотуп, бир катар журналисттер өлкөдөн чыгып кеткени үчүн бул өлкө бийлигин сындап келет.

Тажикстанда цензурадан улам гезиттер «актай барак» менен буга чейин да чыгып келген. Бирок мамлекеттик басылма бул кадамга биринчи жолу барууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17