Аймак

ООГАНСТАНДА ТАЛИБДЕР 27 АКТИВИСТТИ КАРМАП КЕТИШТИ

ООГАНСТАНДА ТАЛИБДЕР 27 АКТИВИСТТИ КАРМАП КЕТИШТИ

 885 Бардыгы /

Ооганстанда талибдер «Элдин тынчтык кыймылы» деп аталган уюмдун 27 активистин кармап кетишти. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидерлери менен жергиликтүү аткаминерлер билдиришти.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, алты автоунаа менен бараткан активисттер Герат жана Фарах провинцияларынын ортосундагы жолдо кармалышкан.  Азырынча «Талибан» кыймылы бул окуя боюнча үн ката элек.

«Элдин тынчтык кыймылынын» активисттери өлкөнү кыдырып, талибдер менен ооган өкмөтүн тынчтыкка чакырган жүрүштөрдү уюштуруп келишет. Кыймылдын өкүлдөрү буга чейин куралдуу топ мындай иш-чаранын катышуучуларын үч жолу кармап кеткенин билдиришүүдө.

Быйыл июнь айында кыймылдын 25 мүчөсү талибдердин туткунуна түшүп, бир нече күндөн кийин бошотулган.

Ооганстандагы зомбулук менен согуштук аракеттерге каршы чыгып келген «Элдин тынчтык кыймылы» Гильменд провинциясындагы жардыруудан кийин түзүлгөн. Анда 17 жай тургун мерт болуп, 50дөн ашыгы жаракат алган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17