Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛДҮ

КЫРГЫЗСТАНДА САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛДҮ

 907 Бардыгы /

            БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова менен жолугушту.

Кыргызстандын эли үчүн дени сак келечек курууга багытталган ырааттуу саясат жүргүзүү максатында тараптар Кыргызстан менен ДСУнун кызматташтык маселелерин жана өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүүбагыттарын орой-чарай талкуулашты. ВИЧ-СПИД, кургак учук, эненин жана баланын ден соолугун коргоо жана жугуштуу эмес оорулардын коркунучу сыяктуу приоритеттүү көйгөйлөргө багытталган саламаттык сактоонун деңгээлин көтөрүүдө Кыргыз Республикасына туруктуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз министриДСУга терең ыраазычылыгын билдирдиДСУнун колдоосунда иштелип чыккан 2019-2030-жылдарга Кыргыз Өкмөтүнүн  «Дени сак адамбакубат өлкө» Программасын жемиштүү кызматташуунун үлгүсү сыңары сыпаттады.

Ал эми өз кезегинде Назира Артыкова Чыңгыз Айдарбековго ушул жылдын октябрь айында Женевада ДСУнун Башкы директору Т.Гебрейесус менен болгон жолугушуусу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Анда мындан аркы өз ара аракеттенүүгө позитивдүү импульс берилгендиги дагы баса айтылды. Бирканчадолбоорлор, мунун ичинде, Кыргызстандагы лабораториялардын абалын жакшыртуу боюнча 77 миллион АКШ доллар суммасындагы Макулдашууга кол коюлгандыгын дагы ачыктады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17