Аймак

ЭМОМАЛИ РАХМОН БАНКИРЛЕРДИ СЫНДАДЫ

ЭМОМАЛИ РАХМОН БАНКИРЛЕРДИ СЫНДАДЫ

 1,624 Бардыгы /

Тажикстанда ишкерлерди колдоо үчүн өзүнчө банк түзүлөт. Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 26-декабрда парламентте жасаган жылдык кайрылуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерди колдоо үчүн банк жыл сайын мамлекеттик бюджеттен акча алат. Негизги максат – өндүрүш жана товарларды чет өлкөлөргө экспорттоо тармагында иштеген чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн колдоо. Эмомали Рахмон тышкы соодада экспорттун көлөмүнүн аздыгын жана банктардын ишин сынады.

«Улуттук банктын жана башка акционердик банктардын саясаты өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталышы керек. Банк системасы жөнүндө гана ойлонгонду токтоткула. Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүүнүн кереги жок. Улуттук банктын жана башка акционердик банктардын эң биринчи максаты – ишкерлерге каржылай жардам берүү. Сиздерде башка милдет жок», – деди президент.

Тажикстанда акыркы беш жылда банк системасы олуттуу кризисти башынан кечирди. Өлкөдөгү эки ири банк банкротко кептелип, кардарлардын акчаларын кайтара албай жатат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17