Аймак

ТАШ-КӨМҮР ШИИБНЕ 3 АВТОУНАА БЕРИЛДИ

ТАШ-КӨМҮР ШИИБНЕ 3 АВТОУНАА БЕРИЛДИ

 1,075 Бардыгы /

26-декабрда Таш-Көмүр ШИИБне жергиликтүү “Ийгилик Кей Джи” ЖЧКсынын жетекчиси Ли Минян тарабынан 3 “Daewoo Nexia” автоунаасы тапшырылды.

Темир тулпарларды тапшырып жатып Ли Минян милиция кызматкерлеринин азыркы учурда жүргүзүп жаткан иштерине оң баасын берип, алдыда дагы кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Автоунаа тапшыруу аземине Жалал-Абад ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов, Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиевдер катышышып, ШИИБдин бул жылы аткарган жумуштарын алкоого алышты.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымын кошкондугу үчүн Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги, милициянын подполковниги Азенбек Козукеевге “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17