Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД: МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

 821 Бардыгы /

2020-жаңы жыл жакындаган сайын майрамдык фейерверктерден пайда болчу кырсыктардын алдын алуу максатында Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүн 27-декабрда Жалал-Абад шаарындагы 20 мектепте 9-11-класстын окуучуларынын жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлүүдө. Алардын коопсуздугуна ШИИБдин кызматкерлери көзөмөл кылышууда. Жаштарга пиротехникалык заттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан түнкү клубдарга, көңүл ачуучу жайларга барбоо керектиги эскертилүүдө. Буга чейин коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кырсык болгон учурда кандай жолдор менен сыртка чыгуу керектиги тууралуу лексиялар өткөрүлгөн.

Жаңы жылда жаштар арасында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында Сузак РИИБи тарабынан мектеп окуучулары арасындагы акыл ордо интеллектуалдык оюну уюштурулду. Акыл таймашына район аймагындагы 5 мектептен 5 команда катышып, аларга жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын бирден кызматкери кошулду. Кызыктуу көптөгөн суроолор камтылган интеллектуалдык оюндун жүрүшүндө жаштар өздөрүнө мыкты тарбия алгандыктарын белгилешип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Сузак РИИБнин демилгеси менен өткөрүлгөн мелдеште милиция кызматкерлери жаштарды мектептен сырткары майрамдык кечелерди уюштурбоо, түнкү убакытта зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектигин жана пиротехникалык каражаттардан этият болууга чакырышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17