Аймак

МИРЗИЁЕВ СЫРТТАН КЕЛГЕН ОППОЗИЦИЯГА ЖОЛ БЕРБЕЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ

МИРЗИЁЕВ СЫРТТАН КЕЛГЕН ОППОЗИЦИЯГА ЖОЛ БЕРБЕЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРДИ

 687 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев сырттан келген оппозицияга жол бербей турганын билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы бул тууралуу 27-декабрда жаштар менен жолуккан учурда айтты.

– Интернетте «оппозиция кандай пайда алып келди?» деген талкуу жүрүп жатат. Мен президент катары оппозицияга каршы эмесмин. Бирок элдин маселесин билген, ушул жердин суусун ичип, нанын жеген оппозициянын бизде пайда болушуна шарт түзүшүбүз керек, – деди Мирзиёев.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери 22-декабрда алгачкы парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең Мирзиёевди колдойт.

Шайлоого байкоо салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Өзбекстанда шайлоо салыштырмалуу эркин өткөнү менен оппозициянын орду бош калганын билдирген.

Мурдараак өлкө Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев жасалма оппозициянын пайдасы жок экенин, реалдуу оппозициялык маанайдагы партиялар пайда болушу керектигин айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17