Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЮЛДУЗ УСМАНОВАнын ЖАЛГАН КОНЦЕРТИН УЮШТУРГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

ТАЖИКСТАНДА ЮЛДУЗ УСМАНОВАнын ЖАЛГАН КОНЦЕРТИН УЮШТУРГАН АДАМ КАРМАЛДЫ

 776 Бардыгы /

Тажикстанда көрүүчүлөрдү алдоо фактысы боюнча тергөө иши башталды. 25-декабрда Истаравшан шаарында Юлдуз Усманованын концертине барган жарандар өзбек ырчысынын ордуна аны туурап ырдоого аракет кылган башка адамды көрүшкөн.

Маалыматка караганда, шаардагы ресторандардын биринде уюштурулган концертке 100дөн ашык адам 350 сомониден (35 доллар) билет сатып алган.

Согди облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча тергөө иштеринин алкагында концерттин уюштуруучулары суракка чакырылып, бирөөсү камакка алынганын билдирди.

Азырынча чуулуу концерттин уюштуруучуларына карата кандай жаза белгилене тургандыгы жана алданган көрүүчүлөрдүн акчасы кайтарылып берилер-берилбеси белгисиз.

Ал ортодо бул концертте Юлдуз Усманованы туурап ырдоого аракет кылган адам өзбек куудулу Рустамхожа Усмонов экендиги белгилүү болду. Ал «Инстаграмдагы» баракчасына чакыруучу тарапка алданып калганын жазды.

Тажикстандагы эң популярдуу өзбек ырчысы эсептелген Юлдуз Усманованын жеке концерттери быйыл апрелде Душанбе, Хожент жана Бохтар шаарларында өткөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17