Аймак

ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ѲТТҮ

ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ѲТТҮ

 1,775 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 2020-жаңы жылга карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Алгач ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынан “кол саат” жана ардак грамота, Премьер-министрден “Алкыш”, көп жылдар кызмат өтөгөн жана спортто өзгөчөлөнгөндөргө медалдар, областтын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерге жана милиция менен тыгыз кызматташкан жарандарга Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары тапшырылды.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов сѳз сүйлѳп, жалпы ѳздүк курамды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады. Ошондой эле майрам күндөрү белгиленген графиктин алкагында ар бир кызматкерди ишенимдүү кызмат өтөөгө чакырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы жылга карата областтын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы миңден ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери 30-декабрдан 2-январга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат ѳтѳшѳт.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17