Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН БАЛДАРЫНА МАЙРАМДЫК БАЛАТЫ УЮШТУРУЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН БАЛДАРЫНА МАЙРАМДЫК БАЛАТЫ УЮШТУРУЛДУ

 2,351 Бардыгы /

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын жана тез чара көрүү атайын отрядынын (ОСО) кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.

Майрамдын катышуучуларына кызматкерлердин күнүмдүк жашоосу камтылган атайын видео материал көрсөтүлүп, оюн-зооктор менен коштолду. Дубал газеталар уюштурулуп, өз өнөрлөрүн мыкты көргөзгөн жаш балдарга атайын даярдалган белектер ыйгарылды. Майрамдын катышуучуларынын маанайлары көтөрүлүп, ырдап-бийлешип, жаңы жылдык кечени уюштуруп берген жетекчиликке ыраазы болуп кайтышты.

Ошондой эле 30-декабрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Бектур Идирисов жана Медетбек Эргеш уулу 2019-жылда спортто жетишкен ийгиликтери, Эл аралык мелдештерде 1-орунга ээ болгондуктары үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кол сааты менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17