Аймак

2019-ЖЫЛЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН 588 ӨЗБЕКСТАНДЫК КАРМАЛДЫ

2019-ЖЫЛЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН 588 ӨЗБЕКСТАНДЫК КАРМАЛДЫ

 986 Бардыгы /

Быйылкы жылдын 11 айында Өзбекстанда эл аралык издөөдө жүргөн588 жаран кармалды. Учурда дагы 50 өзбекстандыкты мекенине кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу Өзбекстан президентинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги билдирди.

Ошол эле маалда эл аралык издөөдөгү жарандардын жалпы саны белгисиз.

Буга чейин Өзбекстан Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” гезити издөөгө алынган кишилердин көбү Орусия жана араб өлкөлөрүндө жашырынып жүргөнүн жазган.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-2018-жылдары эл аралык издөөдөгү жарандарды Өзбекстанга кайтаруу үчүн бюджеттен 30 миллион сум каражат коротулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17