Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

 2,929 Бардыгы /

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “ЭЛИБИЗДИН БАКУБАТ ЖАШООСУН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ!”

-Урматтуу мекендештер жана Жалал-Абад областындагы жалпы замандаштар!  Саналуу убакыттардан соң биз жаңы жылдын босогосун аттайбыз. Бардык мекендештеримди жана облус элин жаңы 2020-жылы менен куттуктайм. Эски жылды узатып жатып өтүп бара жаткан жылга саресеп салабыз. Аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарабыз. Демек муну менен эртеңки  күндүн максаттарын белгилейбиз, жаңы багыттарга ой жүгүртөбүз. Жаңы үмүттөр, жаркын келечекке кадам таштайбыз. Узап бараткан 2019-жыл тарыхый жыл болду. Тагыраак айтканда Урматтуу президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” областыбызда экономикалык өсүш орун алды. Бир катар социалдык долбоорлор ишке ашты. Республикалык  аренада облусубуздун аброю жогорулады.

Аткарылып жаткан жана аткарылган иштерден азын оолак айта турган болсок, калкты таза суу менен камсыздоо, мектеп, бала бакчаларды куруу жана ачуу, аларга электрондук кезекке туруу, ички жолдорду асфальттоо жана калкты электрондук тейлөө сыяктуу бир топ жумуштарды атоого болот. Муну менен биз областтын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багыт алуудабыз.

Эми алдыда да облус эли үчүн жасала турган жумуштар арбын. Аларды аткаруу үчүн бир топ жакшы максаттар бар. Биз алдыңкы убактарда мына ушул маселелерди чечүү жана жеңилдетүүнүн үстүндө иштөөгө тийишпиз. Эң башкысы ар бирибиз жүрөгүбүз менен, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо-шарты ыңгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз. Биз, баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдеп, улуттар аралык биримдикти чыңдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз.

Алдыда кирип келе жаткан жаңы 2020-жылда элибизде тынчтык, ынтымак орноп, ар бир үй -бүлөдө бакубат жашоо өкүм сүрсүн. Баардыгыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр,бактылуулук каалаймын!

Сатыбалды ӨМҮРЗАКОВ, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору, э.и.д., профессор: “ЖАШТАРЫБЫЗ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨЗ САЛЫМЫН КОШСУН!”

        –Урматтуу мекендештер!

Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Жаңы 2020-жыл жакшы жылдардан болсун: жыргалчылыктын, молчулуктун, ынтымактын! Өнүгүү жолунда бара жаткан Кыргызстандын келечеги кең болуп, эл аралык коомчулукта аброю өсө берсин! Кыргызстаныбыздын калкы зор жаратмандыкта талыкпастан эмгектенип, албан-албан ийгиликтерди жаратсын! Жаштарыбыз өлкөнүн бардык тармактарынын өнүгүүсүнө өз салымын кошсун!

Сайдилла ЧИМБЕРДИЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: “ЫНТЫМАК МЕНЕН ЖАҢЫ ЖЕҢИШТЕРГЕ ЖЕТИШЕ БЕРЕЛИ!”

-Урматтуу шаарыбыздын тургундары, кыргыз калкым!

Кирип келген жаңы жыл баарыбыз үчүн кут болсун!  Келээрки жылы алдыда пландалган чоң-чоң максаттар, асыл тилектерибиз орундалсын!

Жыл ичинде шаарыбызда социалдык-экономикалык жактан, инфраструктуралык курулуштар жаатынан көптөгөн ийгиликтер жаралды. Буюрса кийинки жыл да ийгиликтердин жылы болот деген үмүттөбүз. Бүгүнкү баштаган жакшы иштерибиз уланып, шаарыбыздын көркү ачылып, өнүгүү жемишин берет.

Дагы бир жолу Сиздерди терең урматтоо менен жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ынтымак менен жаңы жеңиштерге жетише берели. Ырыскыбыз тоодой болсун, ар бир үйдө аманчылык, барчылык орун алсын. Өлкөбүз бактылуу энелердин, бакубат эр азаматтардын мекени болсун. Жараткан баарыбыздын асыл ниеттерибизди кабыл кылган жылдардан болсун!

Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: “ЭЛИБИЗДИ, ЖЕРИБИЗДИ ТЕҢИРИМ КОЛДОСУН!”

-Кадырман жердештер, агайын-туугандар. Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 2020-жыл бизге өнүгүүлөрдү, өсүүлөрдү, ийгиликтерди алып келген жыл болсун!

Жалал-Абад шаарыбызда акыркы жылдары бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, тарыхта даңазалуу жылдардан болуп калмакчы. Келерки жыл да калаабызда аткарылган улуу иштердин учугун улап, үлгүлүү, таза шаарлардын катарына кошулат деген үмүттөбүз. Эң башкысы элибизде тынччылык. Келерки жылы куттуу мекенибиз Кыргызстанда ынтымак, тынчтык, токчулук болуп, элибиз аман-эсенчиликте жаратмандык менен мамлекетибизди өнүктүрө берсин! Аксакалдарыбыз төрдө сый көрүп, улан-кыздарыбыз эл кызматына жарап, балдарыбыз ойноп-күлүп чоңойсун! Элибизди, жерибизди теңирим өзү колдосун!

Шаирбек ТАШИЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: “ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫЛЫ БОЛСУН!”

-Урматтуу жалал-абаддыктар жана кыргыз элим! Кирип келе жаткан 2020-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Жыл тогошор алдында өлкөбүздүн ар бир жаранына, ар бир мекендешине терең таазим этүү менен жарандык бекем позицияңыздарга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракеттериңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кубаттуу Кыргыз мамлекетин курууга болгон асыл максаттарыңыздар ишке ашсын. Биздин эң негизги байлыгыбыз – элибиз. Элдин ишеничи бизге опол тоодой жөлөк, тирек. Ата Журтубуздун, ыйык мекенибиздин өнүгүүсү үчүн баарыбыз колубуздан келген салымыбызды биргеликте кошолу.

Жаңырган жыл жакшылыктар жылоологон, жалпы журтчулугубузга жаңы ийгиликтерди ыроологон ак жолтой жыл болсун! Ынтымак бар жерге ырыс уялайт дейт, ынтымактуу бололу! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын. Баарыбызды Жараткан өзү колдоп, келерки жылда күжүрмөн эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн иштөөгө бел байлап, жакшы ниеттер менен тосолу!

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, “Дост-Курулуш” компаниясынын жетекчиси: “КАЛКЫБЫЗ БЕЙПИЛ ЖАШОО СҮРӨ БЕРСИН!”

-Жалал-Абад шаарыбыздын мээнеткеч жашоочуларын жана жалпы кыргыз калкымды кирип келе жаткан 2020-жаңы жылыңыздар менен жеке өзүмдүн атымдан, “Дост-Курулуш” компаниябыздын жамаатынын атынан куттуктаймын. Жараткан кут дарыган жерибизде ынтымак, ырыс орноп, балдардын жагымдуу күлкүсү жаңырып, калкыбыз бейпил жашоо сүрө берсин! Тарыхтагы из салган чыйыр жолубузду улантып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган алдыңкы мамлекеттин атуулу болуп жүрө берели. Ар бир койгон максатыңыздар, ишиңиздер жалаң гана ийгиликтер менен аякташына жана ден соолугуңуздар чың, ыйманыңыздар бекем болушуна тилектешмин.

2020-жылы баарыбыз Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү менен Кыргызстанды көтөрүүгө салым кошкондордон бололу!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17