Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАРЫЯ! Турак жайы, жаңы курулган дүкөнү, навеси жана навайканасы сатылат
СЫНАК Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик бош ваканттык муниципалдык кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КУЛАКТАНДЫРУУ! Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы маалымдайт:
ЖАРЫЯ
СУЗАК РАЙОНДУК ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫ БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫН ЭЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
СУЗАК РАЙОНУНУН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БОШ АДМИНИСТРАТИВДИК МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
НООКЕН РАЙОНДУК ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК КООПСУЗДУК БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНУН ЭЛӨӨ ҮЧҮН АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНУН МОГОЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АДМИНИСТРАЦИЯСЫ БОШ ОРУНУН ЭЭЛӨӨ БОЮНЧА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы бош кызмат орунуна ЖУМУШКА ЧАКЫРАТ
СЫНАК СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ
АКЦИЯ
ОАО «ЖАЛАЛАБАТЭЛЕКТРО» ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтү муниципалдык административдик бош кызмат орундарына СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
ЖАЛАЛ-АБАДСКОЕ ОБЛАСТНОЕ УПРАВЛЕНИЕ СУДЕБНОГО ДЕПАРТАМЕНТА ПРИ ВЕРХОВНОМ СУДЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
«МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНЫН КӨК-ТАШ АЙЫЛЫНДАГЫ ВЕТЕРИНАРДЫК СЕРВИСТИН ИМАРАТЫН КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОО» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
«ПРИОБРЕТЕНИЕ ЮРТ ДЛЯ ЧАБАНОВ НООКЕНСКОГО ОПП» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
«ПРИОБРЕТЕНИЕ ЮРТ ДЛЯ ЧАБАНОВ МОМБЕКОВСКОГО ОПП» КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“МОГОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖПБНЕ БОЗ ҮЙ САТЫП АЛУУ” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т
“ПРИОБРЕТЕНИЕ КОРМА И СЕНО ДРОБИЛКИ ДЛЯ ОБЕСПЕЧЕНИЕ КОРМОВОЙ БАЗЫ ТАЛДУУ-БУЛАКСКОГО ОПП” КИЧИДОЛБООРУНА Т Е Н Д Е Р Ж А Р Ы Я Л А Й Т

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

780 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү: «ЭЛИБИЗДИН БАКУБАТ ЖАШООСУН КАМСЫЗ КЫЛАБЫЗ!»

-Урматтуу мекендештер жана Жалал-Абад областындагы жалпы замандаштар!  Саналуу убакыттардан соң биз жаңы жылдын босогосун аттайбыз. Бардык мекендештеримди жана облус элин жаңы 2020-жылы менен куттуктайм. Эски жылды узатып жатып өтүп бара жаткан жылга саресеп салабыз. Аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарабыз. Демек муну менен эртеңки  күндүн максаттарын белгилейбиз, жаңы багыттарга ой жүгүртөбүз. Жаңы үмүттөр, жаркын келечекке кадам таштайбыз. Узап бараткан 2019-жыл тарыхый жыл болду. Тагыраак айтканда Урматтуу президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” областыбызда экономикалык өсүш орун алды. Бир катар социалдык долбоорлор ишке ашты. Республикалык  аренада облусубуздун аброю жогорулады.

Аткарылып жаткан жана аткарылган иштерден азын оолак айта турган болсок, калкты таза суу менен камсыздоо, мектеп, бала бакчаларды куруу жана ачуу, аларга электрондук кезекке туруу, ички жолдорду асфальттоо жана калкты электрондук тейлөө сыяктуу бир топ жумуштарды атоого болот. Муну менен биз областтын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багыт алуудабыз.

Эми алдыда да облус эли үчүн жасала турган жумуштар арбын. Аларды аткаруу үчүн бир топ жакшы максаттар бар. Биз алдыңкы убактарда мына ушул маселелерди чечүү жана жеңилдетүүнүн үстүндө иштөөгө тийишпиз. Эң башкысы ар бирибиз жүрөгүбүз менен, чын ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо-шарты ыңгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз. Биз, баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдеп, улуттар аралык биримдикти чыңдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз.

Алдыда кирип келе жаткан жаңы 2020-жылда элибизде тынчтык, ынтымак орноп, ар бир үй -бүлөдө бакубат жашоо өкүм сүрсүн. Баардыгыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр,бактылуулук каалаймын!

Сатыбалды ӨМҮРЗАКОВ, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору, э.и.д., профессор: «ЖАШТАРЫБЫЗ ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨЗ САЛЫМЫН КОШСУН

        —Урматтуу мекендештер!

Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Жаңы 2020-жыл жакшы жылдардан болсун: жыргалчылыктын, молчулуктун, ынтымактын! Өнүгүү жолунда бара жаткан Кыргызстандын келечеги кең болуп, эл аралык коомчулукта аброю өсө берсин! Кыргызстаныбыздын калкы зор жаратмандыкта талыкпастан эмгектенип, албан-албан ийгиликтерди жаратсын! Жаштарыбыз өлкөнүн бардык тармактарынын өнүгүүсүнө өз салымын кошсун!

Сайдилла ЧИМБЕРДИЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: «ЫНТЫМАК МЕНЕН ЖАҢЫ ЖЕҢИШТЕРГЕ ЖЕТИШЕ БЕРЕЛИ

-Урматтуу шаарыбыздын тургундары, кыргыз калкым!

Кирип келген жаңы жыл баарыбыз үчүн кут болсун!  Келээрки жылы алдыда пландалган чоң-чоң максаттар, асыл тилектерибиз орундалсын!

Жыл ичинде шаарыбызда социалдык-экономикалык жактан, инфраструктуралык курулуштар жаатынан көптөгөн ийгиликтер жаралды. Буюрса кийинки жыл да ийгиликтердин жылы болот деген үмүттөбүз. Бүгүнкү баштаган жакшы иштерибиз уланып, шаарыбыздын көркү ачылып, өнүгүү жемишин берет.

Дагы бир жолу Сиздерди терең урматтоо менен жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Ынтымак менен жаңы жеңиштерге жетише берели. Ырыскыбыз тоодой болсун, ар бир үйдө аманчылык, барчылык орун алсын. Өлкөбүз бактылуу энелердин, бакубат эр азаматтардын мекени болсун. Жараткан баарыбыздын асыл ниеттерибизди кабыл кылган жылдардан болсун!

Абдилбает МАМАСЫДЫКОВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: «ЭЛИБИЗДИ, ЖЕРИБИЗДИ ТЕҢИРИМ КОЛДОСУН!»

-Кадырман жердештер, агайын-туугандар. Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 2020-жыл бизге өнүгүүлөрдү, өсүүлөрдү, ийгиликтерди алып келген жыл болсун!

Жалал-Абад шаарыбызда акыркы жылдары бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, тарыхта даңазалуу жылдардан болуп калмакчы. Келерки жыл да калаабызда аткарылган улуу иштердин учугун улап, үлгүлүү, таза шаарлардын катарына кошулат деген үмүттөбүз. Эң башкысы элибизде тынччылык. Келерки жылы куттуу мекенибиз Кыргызстанда ынтымак, тынчтык, токчулук болуп, элибиз аман-эсенчиликте жаратмандык менен мамлекетибизди өнүктүрө берсин! Аксакалдарыбыз төрдө сый көрүп, улан-кыздарыбыз эл кызматына жарап, балдарыбыз ойноп-күлүп чоңойсун! Элибизди, жерибизди теңирим өзү колдосун!

Шаирбек ТАШИЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: «ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫЛЫ БОЛСУН

-Урматтуу жалал-абаддыктар жана кыргыз элим! Кирип келе жаткан 2020-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Жыл тогошор алдында өлкөбүздүн ар бир жаранына, ар бир мекендешине терең таазим этүү менен жарандык бекем позицияңыздарга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракеттериңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кубаттуу Кыргыз мамлекетин курууга болгон асыл максаттарыңыздар ишке ашсын. Биздин эң негизги байлыгыбыз — элибиз. Элдин ишеничи бизге опол тоодой жөлөк, тирек. Ата Журтубуздун, ыйык мекенибиздин өнүгүүсү үчүн баарыбыз колубуздан келген салымыбызды биргеликте кошолу.

Жаңырган жыл жакшылыктар жылоологон, жалпы журтчулугубузга жаңы ийгиликтерди ыроологон ак жолтой жыл болсун! Ынтымак бар жерге ырыс уялайт дейт, ынтымактуу бололу! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын. Баарыбызды Жараткан өзү колдоп, келерки жылда күжүрмөн эмгектенип, элибиздин бакубат жашоосу, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн иштөөгө бел байлап, жакшы ниеттер менен тосолу!

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, “Дост-Курулуш” компаниясынын жетекчиси: «КАЛКЫБЫЗ БЕЙПИЛ ЖАШОО СҮРӨ БЕРСИН!»

-Жалал-Абад шаарыбыздын мээнеткеч жашоочуларын жана жалпы кыргыз калкымды кирип келе жаткан 2020-жаңы жылыңыздар менен жеке өзүмдүн атымдан, «Дост-Курулуш» компаниябыздын жамаатынын атынан куттуктаймын. Жараткан кут дарыган жерибизде ынтымак, ырыс орноп, балдардын жагымдуу күлкүсү жаңырып, калкыбыз бейпил жашоо сүрө берсин! Тарыхтагы из салган чыйыр жолубузду улантып, өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган алдыңкы мамлекеттин атуулу болуп жүрө берели. Ар бир койгон максатыңыздар, ишиңиздер жалаң гана ийгиликтер менен аякташына жана ден соолугуңуздар чың, ыйманыңыздар бекем болушуна тилектешмин.

2020-жылы баарыбыз Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү менен Кыргызстанды көтөрүүгө салым кошкондордон бололу!

«Аймак»

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
  12345
6789101112
2728293031  
       
      1
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17