Аймак

АШХАБАД МЭРИЯСЫ УЧКУЧТАР ЖАШАГАН ЖАТАКАНАНЫ ТҮРТТҮРҮҮДӨ

АШХАБАД МЭРИЯСЫ УЧКУЧТАР ЖАШАГАН ЖАТАКАНАНЫ ТҮРТТҮРҮҮДӨ

 614 Бардыгы /

«Түркмөнабажолдору» авиакомпаниясынын ондогон кызматкерлери Ашхабад шаарынын администрациясы аларды үйлөрүнөн кууп жатканын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, алар жашаган жатакана түрттүрүлсө, 47 үй-бүлө көчөдө калат.

«Арабызда учкучтар, борт коштоочулар, техник-авиониктер, авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана башкалар бар. Биз азыр өтө оор абалга туш болдук. Жардам керек», – деп жазышкан жатакананын жашоочулары.

Алардын айтымында, жатаканадан чыгарууну тездетүү үчүн жергиликтүү бийлик электр кубатын, суу жана жылуулук берүүнү токтоткон.

Жашоочулар жолдогон ачык катта жатакананы түрттүрүүгө Ашхабад мэри буйрук бергени жазылган. «Түркмөнабажолдору» компаниясы кызматкерлерине башка турак-жай таап берүүдөн баш тартып, бөлмөлөрдү өз каалоолору менен бошотуп берүүнү талап кылууда.

Буга чейин Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов борбор калаадагы эски имараттарды түрттүрүп, анын ордуна «Ашхабад-сити» аталышындагы жаңы шаарча курууну сунуштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17