Аймак

ИРАН ИРАКТАГЫ АМЕРИКАЛЫК БАЗАЛАРГА ОНДОН АШЫК БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА АТКАН

ИРАН ИРАКТАГЫ АМЕРИКАЛЫК БАЗАЛАРГА ОНДОН АШЫК БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА АТКАН

 891 Бардыгы /

Шаршембиге караган түнү Иран «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы операцияларды жүргүзүп жаткан АКШнын жана эл аралык коалициянын күчтөрү жайгашкан Ирактагы эки аскердик базага ракеталык сокку урду.

АКШнын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, ондогон баллистикалык ракета Асад жана Ирбилдеги базаларга атылган.

— Биз учурда аскердик чыгым боюнча алгачкы талдоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаалга жараша америкалык персоналды, өнөктөштөрдү коргоо үчүн керектүү чара көрөбүз, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «азырынча бардыгы жакшы экенин, келтирилген чыгым такталып жатканын» жазды.

Ислам сакчылар корпусунун өкүлү бул ракеталык соккулар генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн «катаал өч алуунун» башталышы экенин билдирди. Иран тарап операциянын максаты — алдыдагы курмандыктарды болтурбоо үчүн АКШны аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылуу экенин кабарлады.

Шейшемби күнү Трамп Ак үйдө кеңешчилери менен жыйын өткөрүп, Ирандын айланасындагы абалды талкуулаган. Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, Чалгын кызматы Иран Ирактагы жана аймактагы башка өлкөлөрдөгү америкалык позицияларга чабуул жасай турганын эскерткен.

Ирандын ракеталык соккуларынан кийин Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 4 пайызга жогорулап, америкалык базарда мунай үч пайызга кымбаттады. Азиядагы биржаларда акциялардын курсу кескин төмөндөдү.

АКШ коммерциялык учактарынын Иран менен Ирактын үстүнөн учуп өтүүсүнө тыюу салды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17