Аймак

АНЖИЯНДА БЛОГЕРДИ КЕМСИНТКЕН БАСМА СӨЗ КАТЧЫГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

АНЖИЯНДА БЛОГЕРДИ КЕМСИНТКЕН БАСМА СӨЗ КАТЧЫГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

 683 Бардыгы /

Анжиян шаардык акимчилигинин басма сөз катчысы Гүлшаной Кучкарова блогер Хуршид Далиевди кемсинтүүгө жана жалаа жабууга күнөөлүү деп табылды.

Анжиян шаардык сотунун чечимине ылайык, Кучкаровага 5 575 000 сум (590 доллар) өлчөмүндө айып пул салынып, эскертүү берилди.

Human.uz маалымат порталынын журналисти жана блогер Хуршид Далиев эки ай мурда укук коргоо органдарына кайрылып, Интернетте аны кемсинткен пост жазгандыгы үчүн Гүлшаной Кучкарованы жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Кучкарова интернет колдонуучуларын Хуршид Далиевдин Telegram-каналына кирбөөгө үндөгөн. Мындан тышкары ал блогерди «саткын жана бузуку» деп атап, аны «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп айыптаган.

Сотто басма сөз катчы Интернетке ачууга алдырып билдирүү жазганын айтып, өкүм боюнча эч кандай дооматы жок экенин билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17