Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЭКСТРЕМИЗМГЕ АЙЫПТАЛГАН ДИН КЫЗМАТЧЫСЫ 12 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

ТАЖИКСТАНДА ЭКСТРЕМИЗМГЕ АЙЫПТАЛГАН ДИН КЫЗМАТЧЫСЫ 12 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

 1,120 Бардыгы /

Душанбенин Сино райондук соту терроризм жана экстремизм айыбы менен 35 жаштагы Садриддин Муллоевди (Мулло Садриддин) 12 жылга эркинен ажыратты.

Ал буга чейин тыюу салынган «Таблиги жамаат» диний уюмуна мүчө деп айыпталып, чет өлкөгө чыгып кеткен. 2019-жылы февралда бийликтин мунапыс берүү убадасына ишенип, мекенине кайтып келген. Бирок 21-сентябрда Мулло Садриддин Башкы прокуратурага суракка чакырылып, камакка алынган. Ага карата терроризм, жалданмачылык жана кылмыштуу топ түзүү айыптары тагылган.

Тажикстанда 2015-жылы Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, экстремисттик-террордук уюмдардын катарында жүрүп, бирок кийин катуу өкүнүп, мекенине кайтып келгендерге мунапыс берилиши керек. Бирок өлкөдө мындай мунапыска туш болгондордун айрымдары кайра кармалып, камала баштаган.

Жогорку соттун 2006-жылдагы чечими менен өлкө аймагында «Таблиги жамаат» уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кийин бул уюмга мүчө болуп жүргөн ондогон адам камакка алынган.

Садриддин Муллоев төрт баланын атасы. Ал өлкөдө белгилүү дин кызматчысы Мулло Хайдар Шарифзоданын күйөө баласы. 2013-жылы Орусияга барып, бир жылдан кийин Түркияга кетип, беш жыл жашап келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17