Аймак

КАЗАКСТАНДА ЖАЛАА ЖАБУУГА АЙЫПТАЛГАН ЖУРНАЛИСТ АКТАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА ЖАЛАА ЖАБУУГА АЙЫПТАЛГАН ЖУРНАЛИСТ АКТАЛДЫ

 952 Бардыгы /

Түркстан облустук соту “Жалаа жабуу” жана “Кемсинтүү” беренеси менен 2 жыл 3 айга соттолгон казакстандык журналист Амангелди Батырбековду актады. 9-январда апелляциялык коллегиянын токтому окулгандан кийин журналист сот залынан бошотулду.

Күн мурун журналисттин жер-жерлерден келген талапкерлери бийликке кайрылып, “Сарыагаш инфо” гезитинин башкы редакторун бошотууну жана ага тагылган айыптоолорду алып салууну сурашкан.

Батырбеков “Жалаа жабуу” жана “Кемсинтүү” беренелери боюнча былтыр 23-сентябрда соттолгон. Сот аны Келес районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Абдиевдин ар-намысына шек келтирген пост жазгандыгы үчүн айыптаган. Журналист айыптоолорду чекте кагып, сын көз караштагы билдирүүсү үчүн куугунтукталып жатканын айткан.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF), “Журналисттерди коргоо комитети ” (Committee to Protect Journalists, CPJ) уюмдары казак бийлигин Амангелди Батырбековду тез арада бошотууга жана ишине тоскоолдук жаратпоого үндөшкөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17