Аймак

ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЭТИЯТСЫЗДЫГЫНАН УЛАМ КОКОН ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ БИР КЕЛИН КАЗА БОЛДУ

ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЭТИЯТСЫЗДЫГЫНАН УЛАМ КОКОН ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ БИР КЕЛИН КАЗА БОЛДУ

 1,045 Бардыгы /

Өзбекстандын Кокон шаарынын тургуну Даврон Ганиев жергиликтүү төрөт үйдүн дарыгерлеринин этиятсыздыгынан улам 27 жаштагы жубайы төрөттөн кийин каза болуп калганын билдирүүдө.

Анын айтымында, жубайы Муштарий Ганиева шаардык төрөт үйүнө 17-декабрда жеткирилип, 2-январда көз жумган.

– Төрөттөн кийин аялымдын абалы өтө оор болчу. Анын кан тамырлары жарылып кеткен. Бирок дарыгерлер буга көңүл бурбай, жакшы болуп кетерин айтышкан. 20-декабрда ал эс-учун жоготуп, Ферганадан келген дарыгерлер операция жасашкан. Бирок 2-январда каза болуп калды, – деди Ганиев.

Анын айтымында, операциядан кийин аялын өпкөнү жасалма желдетүү аппаратына туташтыруу керек болчу. Бирок ооруканада андай жабдуу жок болуп чыккан.

Учурда жаңы төрөлгө ымыркай менен жети жаштагы кызы атасынын кароосунда.

Фергана облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү өткөн жылы Мариглан жана Кокон шаарларындагы төрөт үйлөрү оңдоодон өтүп, бардык керектүү жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

Бирок мекеменин башка кызматкери облустук ооруканалардагы жабдуулардын көбү иштебей калган болушу мүмкүндүгүн айтты:

—Жабдуулардын көбү эскирип калган, көбү бузулган. Ошондуктан жаңыларына буйрутма бергенбиз, 2020-жылдан тарта келе баштайт, — деди мекеме кызматкери.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17