Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ДОСТУК КИЧИ РАЙОНУНДА ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ДОСТУК КИЧИ РАЙОНУНДА ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

 1,800 Бардыгы /

10-январда Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районунда өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери, капитан Эмильбек Камчыбеков билдирди.

Болжол менен саат 14:29 чамасында Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Жалал-Абад шаарынын Достук кичи районунун Мурзакулов көчөсүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу кабар келип түшүп, өрт өчүрүүгө № 20 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрттүн натыйжасында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 14 чарчы метр шыбы, үй эмеректери, мүлктөр күйгөн.

Жыл башынан бери Жалал-Абад шаарынын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, анын экөө тең турак үйлөрдөн чыккан.

Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана меймандары! Кышкы өрт кооптуу мезгилде мештерди тез-тез тазалап, жандырылган электр жылытуучу приборлорун кароосуз калтырбоону, кооптуу абалдагы электр зымдарын колдонбоону Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17