Аймак

КАЗАКСТАНДА 50дөй АЯЛ МУРДАГЫ ЖӨЛӨК ПУЛДАРДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА 50дөй АЯЛ МУРДАГЫ ЖӨЛӨК ПУЛДАРДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

 660 Бардыгы /

Нур-Султанда ондогон аял Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине келип, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн баланын санына карабай бериле турган 21 миң теңге (55 доллар) жөлөк пулду талап кылышты.

Алар даректүү социалдык жардам берүү механизмдеринин өзгөртүлгөнүнө нааразы.

Анын алдында 50дөй аял Казакстан президентинин резиденциясына барууга аракет жасашкан. Бирок аларды Акордонун алдында полиция жана спецназ тосуп калган.

Казакстан өкмөтү 2019-жылдын аягында аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү механизмдерин өзгөрткөн.

Өкмөт аз камсыз үй-бүлө мүчөлөрүн жумуш менен камсыздап, жеңилдетилген насыя берип, бизнес ачуу үчүн кайтарымсыз гранттарды сунуштай турганын билдирген. Эгер үй-бүлөнүн жумушка жарамдуу мүчөсү бул сунуштардан баш тартса, аларга даректүү социалдык жардам берүү токтотулат.

Былтыр февралда Нур-Султандын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Ошондон бери үй-жайдан кыйналган көп балалуу жана жалгыз бой энелер бийликтен социалдык колдоону күчөтүүнү, турак жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып маал-маалы менен нааразылык акцияларына чыгып жатышат.

Бул окуядан кийин бийлик кирешеси өтө төмөн үй-бүлөлөргө бериле турган жөлөк пулдун көлөмүн 21 миң теңгеге чейин көбөйткөн. Кийинчерээк мурдагы президент Нурсултан Назарбаев баштаган аткаминерлер мамлекеттен жардам алган жарандарды сындагандан кийин даректүү социалдык жардам көрсөтүү жол-жоболору өзгөртүлгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17