Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРДЕГИ ПРЕЗИДЕНТТИН СҮРӨТҮ ЖАҢЫЛАНУУДА

ТҮРКМӨНСТАНДА МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРДЕГИ ПРЕЗИДЕНТТИН СҮРӨТҮ ЖАҢЫЛАНУУДА

 1,307 Бардыгы /

Түркмөнстандын Мары облусундагы мамлекеттик мекеме-ишканалардан президенттин сүрөттөрүн жаңылоо талап кылынууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Басылманын аймактагы кабарчысынын айтымында, жергиликтүү дүкөндөрдө президенттин сүрөтүнүн баасы 10 манаттан 100 манатка чейин сатылууда. Мындан тышкары алкак үчүн дагы 50 манаттан 200 манатка чейин акча берүүгө туура келет.

— Мамлекет башчынын эң кымбат сүрөтү 300 манат болот. Бул расмий курс боюнча 85, көмүскө базардагы курс боюнча 15 доллар. Эң арзан сүрөт 60 манат болот, расмий курс боюнча 17, көмүскө базардагы боюнча 3 доллар, — деди кабарчы.

Бийлик бул талабын президенттин чачынын түсү өзгөргөндүгү менентүшүндүрүүдө. 2018-жылы августта мамлекет башчы имиджин өзгөртүп, эл алдына ак аралаш чач менен чыга баштаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17