Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОПТОРУ ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК СИСТЕМАСЫНА ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ДАРЫГЕРЛЕР ТОПТОРУ ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК СИСТЕМАСЫНА ӨТТҮ

 1,715 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын тургундары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда кезек күтүү убаракерчилигинен арылышты. Анткени аталган жайларда автоматташтырылган электрондук кезек системасы иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал үчүн үйдө олтуруп, уюлдук телефон аркылуу “registratura.med.kg” дареги боюнча дарыгерлердин бош убактыларын билип кайрылууга болот. Электрондук кезекке туруу үчүн компьютер же уюлдук телефон аркылуу анкета толтурулат.

2019-жылдын 26-декабрынан башталган электрондук кезек системасы аркылуу ушул убакытка чейин шаар боюнча 1022 бейтап кайрылган. Электрондук система аркылуу орулуулар гана эмес дарыгерлердин да убактыларын үнөмдөөгө шарт жаралып жатат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, калаанын жалпы 110 миңден ашуун калкын медициналык жактан тейлеп келет.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17