Аймак

ХАНЫША ЕЛИЗАВЕТА II ГАРРИ МЕНЕН МЕГАНГА “ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ” БЕРДИ

ХАНЫША ЕЛИЗАВЕТА II ГАРРИ МЕНЕН МЕГАНГА “ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛ” БЕРДИ

 701 Бардыгы /

Британиянын ханышасы Елизавета II ханзаада Гарри менен анын жубайы Меганга “өткөөл мезгил” берүүгө макул болду. Ага ылайык, түгөйлөр Канада менен Британияда алмак-салмак жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Ханыша кенже небереси жана анын жубайынын жаңы социалдык ролго ээ болуу жөнүндөгү каалоосун “толугу менен колдой турганын”, бирок аларды падышалык үй-бүлө мүчөлөрү катары көрүүгө артыкчылык берерин белгиледи.

Британ ханзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартышарын 8-январда билдиришкен.

Алар падышалык үй-бүлөгө каржы жагынан көз каранды болуп калбаш үчүн иштешерин, ошол эле учурда ханайымдын алдындагы милдеттерин аткара беришерин белгилешти.

Жубайлар кайрымдуулук фондун түзүшөрүн маалымдашкан.

Ханзаада Гарри менен америкалык мурдагы актриса Меган Маркл 2018-жылдын 19-майында баш кошушкан. Үйлөнгөндөн кийин алар Сассек герцогдору деп аталышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17