Аймак

ӨЗБЕКСТАН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯ МҮЧӨЛӨРҮН КАБЫЛ АЛА БАШТАДЫ

ӨЗБЕКСТАН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯ МҮЧӨЛӨРҮН КАБЫЛ АЛА БАШТАДЫ

 761 Бардыгы /

Өзбекстан юстиция министри Русланбек Давлетов 10-январда опозициялыл «Эрк» партиясынын өкүлдөрүн кабыл алганы белгилүү болду.

Жолугушуунун катышуучуларынын бири Агзам Тургуновдун айтымында, алар партиянын ишин улантууга уруксат берүүнү сурашкан, бирок ал: «Бул партия эскиде калды, аны унуткула» деп айткан.

– Бирок эң эле башкысы оппозиция менен өкмөттүн ортосунда диалог башталды. Мен бул диалогдун калыбына келишин колдойм. Акыркы жолу Өзбекстандын юстиция министри «Эрк» партиясынын жетекчилиги менен 1997-жылы жолуккан, – деди Тургунов.

2019-жылы 27-декабрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жаштар менен жолугуп, элдин көйгөйүн билген, эл арасынан чыккан оппозицияга каршы эмес экенин, бирок өлкөдө тыштан оппозиция пайда болушуна жол бербей турганын айткан.

Өзбек лидеринин бул билдирүүсүнөн кийин юстиция министри «Бирлик», «Эрк» партияларынын мүчөлөрүн кабыл алган.

«Эрк» жана «Бирлик» партиялары Өзбекстанда 80-жылдардын соңунда пайда болгон.

Алар Өзбекстандын суверенитеттүүлүгү жөнүндө декларациясын жазууга жана документтин парламент тарабынан кабыл алынышына чоң салым кошушканы айтылып жүрөт.

Расмий маалыматтар боюнча 1992-жылдагы президенттик шайлоодо «Эрк» партиясынын башчысы Мухаммад Салих шайлоочулардын 12,7 пайыз добушун алган.

Бирок бул шайлоодон кийин Салихтин тарапташтары куугунтукталып, оппозициялык гезиттер жабылып, оппозиция лидерлерине кылмыш иштери козголгон. Натыйжада алар өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17