Аймак

ИРАНДА УКРАИНАЛЫК «БОИНГ» УЧАГЫНЫН АТЫП ТҮШҮРҮЛҮШҮНӨ КАТЫШЫ БАР БИР НЕЧЕ КИШИ КАРМАЛДЫ

ИРАНДА УКРАИНАЛЫК «БОИНГ» УЧАГЫНЫН АТЫП ТҮШҮРҮЛҮШҮНӨ КАТЫШЫ БАР БИР НЕЧЕ КИШИ КАРМАЛДЫ

 804 Бардыгы /

Иран бийлиги атып түшүрүлгөн «Боинг» иши боюнча бир нече кишини кармады. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Сот бийлигинин басма сөз катчысы Гхоламхоссейн Эсмаилиге таянуу менен билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын баарынын трагедияга катышы болгон. Ал канча киши кармалганын так айткан жок.

Анын алдында Иран президенти Хасан Роухани телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, 176 кишинин өмүрүн алган “Боинг” учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. Буга чейин иран аскерлери “Украина эл аралык аба жолдоруна” таандык учакты кокустан атып алганын мойнуна алышкан.

Тегерандан Киевге багыт алган ”Украина эл аралык аба жолдоруна” таандык учак 8-январдын таңында кулап түшүп, ичиндеги 176 адамдын баары курман болгон.

Расмий версия боюнча аскерлер учакты канаттуу ракетага алмаштырып алып, эки жолу ракета менен атышкан.

Бул окуядан кийин Иранда миңдеген студенттин катышуусунда нааразылык акциялар башталган. Алар учактын кыйрашына жооптуу кишилерди жазага тартып, саясий системаны өзгөртүүнү талап кылышууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17