Аймак

ДУШАНБЕДЕ ПРОКУРОР «ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК-ЖАЙ» КОМПАНИЯСЫНЫН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫН 22 ЖЫЛГА СОТТООНУ СУРАДЫ

ДУШАНБЕДЕ ПРОКУРОР «ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК-ЖАЙ» КОМПАНИЯСЫНЫН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫН 22 ЖЫЛГА СОТТООНУ СУРАДЫ

 811 Бардыгы /

Душанбе шаардык сотунда «Жеткиликтүү турак-жай» курулуш компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурулло Наимовдун үстүнөн соттук териштирүү уланууда.

10-январдагы сот отурумунда прокурор тергөө маалында Наимовдун күнөөсү далилденгенин билдирип, аны 22 жылга эркинен ажыратууну сураган. Компаниянын мурдагы башчысы үлүшчүлөрдүн акчасын өзүнө алып алган деп айыпталууда. Ал 3-январдагы отурумда мамлекеттик ишкананын кардарларына 27 миллион сомони (2,7 миллион доллар) өлчөмүндөгү карызын кайтарып берүүгө даяр экенин айткан.

Бул иште Наимовдон тышкары компаниянын дагы беш кызматкери айыпталуучу катары өтүүдө. Прокурор аларды 10 жылдан 18 жылга чейинки мөөнөткө соттоону сурады.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17