Аймак

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БАШКАРМАЛЫГЫ БИЛДИРЕТ

ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БАШКАРМАЛЫГЫ БИЛДИРЕТ

 1,957 Бардыгы /

КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы чарбалык обьектилерде жана турак жай секторунда өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүп келишет.

КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун билдирүүсүнө ылайык, 2019-жылда облус аймагында 488 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 218 млн. 741 миң 916 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 7 жаран каза болуп, 6 жаран күйүк жараттарын алышса, 505 тонна тоют, 10 мал жандыгы, 50 үй канаттуулары жабыркаган. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 12 атуул, 3 автоунаа жана 450 млн. 187 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өткөн 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 24 % азайганы менен, өрттөн келтирилген материалдык зыян 4,1 эсеге өскөн. Тактап айтканда, 2018-жылдын ичинде 642 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 53 млн. 495 миң 453 сомду түзгөн.

Жогоруда катталган өрт кырсыктары негизинен электр жабдыктарын колдонууда эрежелерди сактабагандыктан (174 өрт), мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан (39 өрт), отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан (78 өрт), жаш балдардын от менен ойноосунан (57 өрт), автоунааларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан (15 өрт) келип чыкса, 131 өрт (жалпы өрт кырсыгынын 64,1 % түзөт) турак жай секторунда, 32 өрт автоунаада, 60 өрт ачык аймакта катталган.

Турак жайларда катталган өрт кырсыктарынан келтирилген материалдык зыян 24 млн. 291мин 677 сомду түзүп, жалпы чыгымдын 11,1 % түздү.

Жыл башынан турак жай секторунда өрт кырсыктарын алдын алуу максатында өздүк курам тарабынан 50 миңден ашуун турак жай ээлерине, жашоочуларга күнүмдүк тиричилик учурундагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлгөндүгүнө карабастан турак жайлардагы өрт кырсыктары азайбай келет.

Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары жогорудагыдай өрт кырсыктарын алдын алуу, адам өлүмдөрүн, жарат алууларын болтурбоо максатында күнүмдүк турмушта, электр жабдууларын колдонууда, автоунаа менен жүрүүдө өрт коопсуздук эрежелерин сактоону КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы эскертет.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17