Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,004 Бардыгы / Кыргыз өкмөтү 14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты. Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Анын алкагында: […]
1,005 Бардыгы / Кыргыз өкмөтү 14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты. Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Анын алкагында: […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА АЛМАШЫЛЧУ ЖЕРЛЕР АНЫКТАЛАТ
15.01.2020 / Автор anarkan_kg1,006 Бардыгы /
Кыргыз өкмөтү 14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Анын алкагында:
- Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;
- Топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;
- Тараптар Чоркух – Ак-Сай – Ворух, Көк-Таш – Ортобоз автоунаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана автоунаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотууну макулдашты;
- Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына чыр-чатактарга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү үчүн түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;
- Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согди облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу күчөтүлөт;
- Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишти.
Жолугушууда кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандын делегациясын тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектеди. Жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы бир миң чакырымга жакын аралыкты түзүп, анын 60% эки тараптуу такталган. Талаштуу экени айтылып жаткан 40% жакын чек арада 70тей талаштуу участок бар. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет.
www.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.