Аймак

ТАШКЕНТТЕ ДИЗАЙНЕР ЖАНА ХОРЕОГРАФ НАРИМАН ГРИГОРЯНДЫ ӨЛТҮРҮП КЕТИШТИ

ТАШКЕНТТЕ ДИЗАЙНЕР ЖАНА ХОРЕОГРАФ НАРИМАН ГРИГОРЯНДЫ ӨЛТҮРҮП КЕТИШТИ

 881 Бардыгы /

Ташкентте белгилүү дизайнер жана модельер Нариман Григорянды өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 14-январда 35 жаштагы Григоряндын сөөгү Ташкентте ижарага алып жашап жүргөн үйүндө табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон.

Ошол эле күнү шаардын Яшнабад райондук прокуратурасы «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нариман Григорян – белгилүү өзбекстандык дизайнер жана хореограф. Ал эл аралык бий сынактарына калыстар тобунун мүчөсү катары Өзбекстандын атынан катышкан жалгыз адам болгон. 2004—2008-жылдары Өзбекстандын хореография академиясында окуган. Дизайнер жана модельер катары белгилүү, «Nariman Grigoryan» брендинин негиздөөчүсү.

www.            

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17